Курулуштагы коопсуздук талаптарын бузгандар жоопкерчиликке тартылат
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти өлкө аймагындагы курулуш объектилеринде коопсуздук талаптарынын сакталышын туруктуу негизде көзөмөлдөөнү улантууда.
Курулуш иштерин жүргүзүүдө курулуш ченемдерин, техникалык регламенттерди жана эмгекти коргоо боюнча коопсуздук эрежелерин так сактоо милдеттүү болуп саналат. Өзгөчө бийиктикте иштеген жумушчулардын жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушу, ошондой эле курулуш аянтчаларынын тосмолор жана эскертүү белгилери менен талаптагыдай жабдылышы маанилүү.
Белгиленген коопсуздук талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Курулуш министрлиги бардык курулуш уюмдарын жана жарандарды коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат. Коопсуздукту камсыздоо – ар бир куруучунун жана курулуш иштерине катышкан тараптардын жоопкерчилиги.
Эгерде курулуш объектилеринде мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, фото же видео материалдарды WhatsApp: 0221 31 82 56 номерине жөнөтсөңүз болот.