Курулуштагы сапат көзөмөлү. 25 кабаттуу үйдө лабораториялык сыноо жүргүзүлдү

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 134

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектиси, 48 дарегинде жайгашкан 20–25 кабаттуу турак үйдүн курулуш объектисинде бетондун сапатын текшерүү боюнча лабораториялык сыноолор жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери тарабынан өткөрүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө бетондун бекемдиги аныкталып, анын долбоордук документациянын талаптарына жана колдонуудагы курулуш ченемдерине шайкештиги бааланды.

Адистер белгилегендей, мындай лабораториялык сыноолор курулуш иштерин техникалык көзөмөлдөөнүн маанилүү баскычы болуп саналат. Алар курулуп жаткан объекттердин ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана сапатын камсыздоого, ошондой эле курулуш материалдарынын белгиленген талаптарга жооп беришин көзөмөлдөөгө багытталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы объекттеги курулуш иштеринин сапатын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында бааланды.

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 134
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X