Куткаруу операциясында жабыркаган Ми-8 үчүн Коргоо министрлигине 253,9 млн сом төлөндү

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 328

«Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнө 253 млн 885 миң 310 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн жүргүздү. Бул өлкөнүн камсыздандыруу тарыхындагы эң ири компенсация катары белгиленүүдө.

Компаниянын маалыматына ылайык, төлөм Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине таандык Ми-8 тик учагы боюнча камсыздандыруу окуясынын негизинде жүргүзүлгөн.

Эске салсак, 2025-жылдын август айында Ми-8 тик учагы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткарып жаткан учурда аба ырайынын кескин начарлашынан улам мажбурлап конууга аргасыз болгон. Окуядан экипаж мүчөлөрү жана куткаруучулар жабыркаган эмес, бирок аба кемеси олуттуу зыянга учураган.

Аталган тик учак 2024-жылы «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» тарабынан камсыздандырылган.

Компания белгилегендей, бул төлөм Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы №79 Жарлыгынын алкагында камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасы болуп саналат. Документ мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик ишканалардын мүлкүн камсыздандыруу механизмдерин күчөтүүгө багытталган.

Төлөнгөн компенсациянын көлөмү болжол менен 3 миллион АКШ долларына барабар. Бул окуя Кыргызстандын камсыздандыруу рыногундагы эң ири камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бири катары тарыхта калууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X