Кутпидин Шакиров, Токмок шаарынын мэри: Биздин максат – жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу шарт түзүү

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97

2020-жылдан соң кызматтык карьерасында жылдызы жанган Кутпидин Абдырахманович буга дейре Кадамжай, Кемин райондорун жетектеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатынан кыйла тажрыйба топтосо, бүгүн өлкөдөгү эң ири шаарлардын биринин “эки тизгин, бир чылбырын” колго алып, чарбачылык иштер менен алпурушууда. Биз калаа жетекчиси менен шаардагы “кылт этип”, кыбыраган күнүмдүк маселелерден тартып, Токмоктун келечегине таасир этчү багыттардын баарынан собол салып, кеңири маанайда баарлаштык.

— Кутпидин Абдырахманович, эгемендикке ээ болгону бийликтин көңүл сыртында калган Токмок шаарына соңку жылдары мамлекеттик казынадан миллиондор эмес, миллиарддаган каражаттар бөлүнүүдө. Бийликтин мындай колдоосун шаар жетекчилиги сезе билип, ишиңиздерден жыйынтык чыгарып жатасыздарбы? Дегеле акыркы жылдардагы алгылыктуу кандай ишиңиздерди тизмектей аласыз?
— Акыркы жылдары Токмок шаарына мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулуп, калааны өнүктүрүүгө олуттуу колдоо көрсөтүлүп жатат. Бөлүнүп жаткан каражаттар шаарды көп жылдан бери түйшөлтүп келген көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталууда. Маселен, 2024-жылдан тартып Токмок шаарына 1 млрд сом каражат бөлүнүп, анын эсебинен 13 долбоор ишке ашырылган. Алардын катарында социалдык объектилерди жана бала бакчаны куруу, стадион куруу, асфальт-бетон заводун ишке киргизүү, атайын техникаларды алуу, сейил бактарды куруу жана көрктөндүрүү, шаар ичиндеги жолдорду оңдоо сыяктуу бир катар маанилүү иштер бар. Бул иштердин ар бири шаар тургундарынын күнүмдүк жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган долбоорлор. Ошондуктан, биз үчүн бөлүнгөн каражаттын көлөмү эмес, анын натыйжасы жана элдин турмушунда кандай өзгөрүү жаратып жатканы маанилүү. 2025-жылы Токмок шаарынын инфраструктурасын мындан ары да жакшыртууга КРнын Турукташтыруу фондунан 2 055,5 млн сом бөлүндү. Бул каражаттын алкагында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарында жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу жүрүп, шаарыбызга 49 даана атайын техника, жүргүнчүлөрдү ташуучу 10 заманбап автобус алынды. Буга удаа шаардын негизги көчөлөрүндөгү 20 чакырымдан ашык жолду капиталдык оңдоого багытталган иштер аткарылууда. Ал эми жолдогу чуңкурларды жамоо иштери “Токмок жол-курулуш” ишканасы тарабынан аткарылып, асфальтталбаган жолдорго грейдер менен тегиздөө иштерине жалпысынан 13 млн сом жумшалды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен 142 миллион сом бөлүнүп, Токмок шаарынын 3-кичи районунда жаңы спорт комплекси курулууда. “Ас-Сафа” фондунун 26 млн сомдук колдоосу менен калаадагы №14 мектептин жаңы имараты курулуп, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында толук пайдаланууга берилди. Ал эми №50 бала бакчанын 275 орундуу корпусунун курулушу 95%га аяктап, ачылышы 2026-жылдын декабрына пландалууда.

— Шаар ичиндеги кылмыш-кырсык окуяларын, дегеле коопсуздукту камсыз кылууда видео көзөмөлдөрдүн мааниси күчөбөдүбү. Санариптештирүү жагынан деле аракетиңиздер болсо керек…
— Шаардагы коопсуздукту жогорулатуу жана санариптештирүү максатында видеокамераларды сатып алууга 1 млн сом бөлүндү. Кудай буюрса, алдыда шаарыбыз заманбап видео байкоо аппараттары менен толук камсыздалаарын ишендирип кете алам. Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү жагдай, Токмок ШИИББ тарабынан калаанын аймагында “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында видеокөзөмөл камераларын орнотуу зарыл болгон жерлердин координаттары мэрияга жөнөтүлгөн. Учурда тиешелүү адистер тарабынан интернет байланышынын жеткиликтүүлүгүн жана электр тармактарынын абалын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгында видеокөзөмөл камераларын туташтыруу үчүн интернет байланышынын жана электр тармактарынын абалы талаптарга жооп берери аныкталууда. Ушул күндөрү Токмок шаарынын аймагында жалпы 68 видеокөзөмөл камерасы орнотулуп, иштөө абалында турат. Бирок, аталган камералар азыркы учурда маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын борбордук тутумуна туташтырыла элек. Камералар борбордук тутумга туташтырылгандан кийин, алар толук кандуу ишке киргизилип, Токмок шаарынын аймагында коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында пайдаланылат.

— Баятан бери сөзүңүздү тыңдасам алдыңкы жылдары Токмок калаасында “кой үстүндө торгой жумурткалай турчу” заман болоорундай эле жар салып жаткандайсыз. Же мага эле ошондой сезилип жатабы?
— Токмокто чечүүнү талап кылган маселелер бүгүн дагы арбын. Учурда шаарда бир нече жыл мурда сөз болуп, бирок, каржылык мүмкүнчүлүктүн тартыштыгынан ишке ашпай келген бир катар долбоорлордун реалдуу аткарылып жатканы — чоң жетишкендик деп ойлойм. Биз мамлекеттик деңгээлде көрсөтүлүп жаткан колдоону жоопкерчилик менен кабыл алып, ар бир бөлүнгөн каражаттын артында конкреттүү иш жана реалдуу шарттагы жыйынтык турушу керек деп эсептейбиз. Биздин максат — жасалган иштердин санын көбөйтүү эмес, шаарыбыздын инфраструктурасын системалуу түрдө жаңыртып, жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу шаарды түзүү болуп саналат. Алдыда бир катар маанилүү долбоорлор турат. Алардын негизги багыты — шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, жол-транспорт тармагын өнүктүрүү, шаардык айлана-чөйрөнү заманбап талаптарга ылайыкташтыруу. Эң башкысы, бүгүнкүдөй мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, Токмоктун өнүгүүсүн туруктуу жана көзгө көрүнгөн натыйжага айлантуу – биздин айныгыс милдетибиз болуп саналат.

— Калаада турак жайга болгон көйгөй курч бойдон турабы? МИКтин шарты менен шаардагы бул көйгөйдү канчалык деңгээлде чечүүгө болот?
— Ооба, турак жай маселеси Токмок шаарыбыз үчүн дагы деле актуалдуу. Айрыкча, жаш үй-бүлөлөр, социалдык жана жеңилдетилген категориядагы жарандар үчүн жеткиликтүү турак жайга болгон муктаждык жогору. Бул багытта мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте иш алып барууга өзгөчө маани берип жатабыз. Турак жай маселесин чечүүгө шарт түзүү максатында Токмок шаарынын мэриясы тарабынан МИКке калаанын 2-кичи районундагы 45,78 гектар муниципалдык жер тилкеси менен Ленин көчөсүндөгү жалпы аянты 11 гектар аянттагы жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилди. Учурда Ленин көчөсүндөгү 11 гектар жер тилкесинде “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында “Токмок Сити” турак жай комплексинин курулушу жүрүүдө. Бул долбоор Токмок үчүн маанилүү кадам, анткени, анын алкагында шаар тургундары үчүн жалпы 1905 батир куруу каралган. Анын ичинен 762 батир бир бөлмөлүү, 762си эки бөлмөлүү жана 381и үч бөлмөлүү болот. Турак жай комплекси жалпысынан 29 блоктон турат: Анын 20сы 15 кабаттуу, 9у 9 кабаттуу үйлөр. Учурда бардык блоктордо курулуш иштери кызуу жүрүп, фасаддык жана ички жасалгалоо, электр монтаждоо иштери аткарылууда. Турак жай комплекси борбордук канализация системасына кошулуп, үйлөрдү индивидуалдык көгүлтүр от менен жылытуу системасы аркылуу камсыздалат. Курулуштун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүп, алгач 870 батир пайдаланууга берилет. Албетте, бул долбоор шаардагы турак жайга болгон муктаждыкты толугу менен бир заматта чечип салат деп айтууга болбойт. Бирок, 1905 батирдин курулушу — турак жай маселесин чечүүгө олуттуу салым экендигин эч кимибиз тана албайбыз. Биздин негизги максат — жарандарга турак жай курулуп жатат деп гана маалымат берүү эмес, анын шарттары жана жеткиликтүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мүмкүнчүлүгү бар жарандарга тиешелүү мамлекеттик программаларга катышуусуна көмөктөшүү. 2026-жылдын март айынан тартып Токмок шаарынын мэриясы жарандарга жеринде маалымат берүү жана турак жай алууга байланышкан маселелер боюнча көмөк көрсөтүү үчүн Токмок шаарынын калкты тейлөө борборунун имаратынан МИКтин өкүлдөрүнө атайын кабинет бөлүп берди. Биз турак жай маселесин чечүүдө бир гана жаңы үйлөрдү курууга эмес, жарандардын мамлекеттик ипотекалык программалардын мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануусуна шарт түзүүгө да басым жасап жатабыз. Ал эми мэриянын милдети жер маселесинен тартып инфраструктурага чейин тиешелүү шарттарды түзүп, мындай долбоорлордун шаарда ишке ашуусуна мүмкүн болушунча көмөк көрсөтүү.

— Бишкек шаарынын мисалында инвесторлор аркылуу Токмоктон чыгарылган таштандыны кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүп, бул жааттагы тартыштыкты толтурууну жетекчи катары ойлонуп көрдүңүзбү?
— Бул маселе биз үчүн актуалдуу жана келечектүү багыттардын бири. Токмок шаарында катуу тиричилик таштандыларын башкаруу маселесин жөн гана таштандыны чогултуп, полигонго чыгаруу менен чектебестен, аны кайра иштетип, экономикалык жактан пайдалуу ресурска айлантуу зарыл. Ушул тапта 40 жылдан бери иштеп келе жаткан полигонго күнүнө орточо эсеп менен 200 тонна таштанды төгүлөт. Учурда шаардагы санитардык абалды жакшыртууга жана таштандыларды өз убагында чыгарууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Ушул максатта “Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасы ишке киргизилип, шаарды санитардык жактан тейлөө жана катуу тиричилик таштандыларын үзгүлтүксүз чыгаруу боюнча иштерди аткарууда. Жакында урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин шаар тургундары менен жолугушуусунда Токмоктон чыккан таштандыларды Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводго ташуу боюнча маселе чечилди. Анын натыйжасы бир эле учурда бир нече маселени чечүүгө — шаардын санитардык абалын жакшыртууга, таштандынын көлөмүн азайтууга, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жана кошумча энергетикалык ресурс алууга шарт түзөт. Биз үчүн эң маанилүүсү — шаардагы таштанды маселесин бүгүнкү күндүн көйгөйү катары гана чечпестен, келечекте Токмоктун экологиялык жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо турган туруктуу системаны түзүү.

— Шаарга караштуу медициналык жайларда дарыгерлердин жетишсиздиги жокпу? Килейген калаада магниттик-резонанстык томография сыяктуу заманбап медициналык аппараттар жок экен. Ушул жаатта кандай иштер жүрүп жатат?
— Шаардагы медициналык мекемелерде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу менен катар, кадр маселесин жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча иштерди системалуу жүргүзүүдөбүз. Учурда Токмок шаарынын жалпы дарыгердик практика борборунун курамында 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Сахзавод районундагы фельдшердик-акушердик пункт, амбулатордук жана лабораториялык-диагностикалык бөлүмдөр, тез жардам кызматы жана 205 койкалуу стационардык бөлүмдөр иш алып барууда. Жалпысынан шаар боюнча 77 дарыгер эмгектенет. Ооба, шаардагы медициналык мекемелердин 25 дарыгерге муктаждыгы бар. Бул маселени чечүү үчүн акыркы 3 жылдан бери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына максаттуу жолдомолорду берип, учурда 8 студент максаттуу багытта билим алып жатат. Алар окуусун аяктагандан кийин келишимдин негизинде Токмок шаарына келип иштешет. Мындан тышкары, Токмок шаарындагы Түштүк Азия университети менен мэриянын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде бир студент акысыз билим алууда. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң, ал Токмок шаарынын жалпы дарыгердик практика борборуна келип иштейт. Алдыда жалпы дарыгердик практика борборун “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу компьютердик томография аппараты менен камсыздоо күтүлүүдө. Сиз атаган МРТ маселеси боюнча да ойлонуп, мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Туура, Токмок шаарындагы медициналык мекемелерде магниттик-резонанстык томография аппараты жок. Анын болжолдуу баасы 120–130 млн сомду түзөт. Азыркы учурда мындай кымбат жабдууну шаардык бюджеттин эсебинен сатып алууга мүмкүнчүлүк жок болууда. Биз каражатты биринчи кезекте медициналык мекемелердин шарттарын жакшыртууга жана көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөрдү жоюуга багыттап жатабыз. Маселен, 1960-жылдары курулгандан бери капиталдык оңдоодон өтө элек стационардын имараты учурда КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Долбоордун жалпы суммасы 120 млн сомду түзөт. Мындан тышкары, эки үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты дем берүүчү гранттардын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 11 млн 305 миң 448 сом бөлүндү. Ошондой эле Турукташтыруу фондунун эсебинен шаардын Дунларов көчөсүндөгү 40 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты курулууда. Учурда курулуш иштери 60%га аяктады. Бул долбоордун жалпы сметалык баасы 134 млн сомду түзөт. Ал эми аталган бөлүмдүн кабыл алуу жайы Токмок шаарынын мэриясы менен Катар фондунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде курулуп, учурда пайдаланууга берүүгө даярдалып жатат. Биздин принцип — медициналык мекемелердин имараттарын жана шарттарын талаптагыдай абалга келтирип, андан кийин аларды заманбап медициналык жабдуулар менен этап-этабы менен камсыздоо. Бул жерде сиз атаган МРТ да күн тартибиндеги маселелердин бири. Аны шаардык бюджеттин гана эсебинен чечүү кыйын болгондуктан, республикалык деңгээлдеги колдоону, мамлекеттик программаларды жана башка каржылоо булактарын тартуу боюнча аракеттерибизди көрүп жатабыз. Биздин максат — Токмоктун тургундары сапаттуу медициналык жардам алуу үчүн башка шаарларга кайрылууга аргасыз болбогондой шарттарды акырындык менен түзүү. Бул үчүн кадр маселесинен тартып, медициналык имараттарды жаңылоого жана заманбап диагностикалык жабдуулар менен камсыздоого чейинки иштерди комплекстүү жүргүзүүдөбүз.

— Өзүңүз баш, орун басарларыңыз төш болгон калаа жетекчилигинин жергиликтүү эл менен жолугушуусу жыйынтык менен коштолуп жатабы?
— Жетекчинин эл менен жолугушуусу жөн гана көйгөйлөрдү угуп, протокол түзүп коюу менен чектелбеши керек. Тургундардын көтөргөн маселеси боюнча ким жооптуу экени аныкталып, аны чечүүнүн жолдору каралып, аткарылышы көзөмөлдөнүп, мүмкүн болушунча жыйынтыгы элге көрсөтүлүшү зарыл. Биз шаар тургундары менен жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп келебиз. Жолугушуу учурунда көтөрүлгөн маселелер катталып, тиешелүү жетекчилерге жана кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилет. Андан соң ал тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынат. Убакыт жана мүмкүнчүлүккө жараша жер-жерлерде тургундар менен жеке өзүм да күн сайын, жок дегенде жумасына бир жолу жолугушууга аракет кылам. Мунун мааниси чоң. Анткени, айрым маселени кабинетте отуруп түшүнүү кыйын. Жерине барып, көйгөйдү өз көзүң менен көргөндө анын масштабы да, чечүү жолу да так көрүнөт. Үстүбүздөгү жылдын май айынан август айына чейин шаар тургундары менен 12 көчмө жолугушуу өткөрүлдү. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө бир катар маселелер жеринде чечилип, кошумча каржылоону же атайын иштерди талап кылган маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга жана жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы көзөмөлгө алынып, жыйынтыгына жараша тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жеке мен үчүн эл менен жолугушуунун саны эмес, анын натыйжасы маанилүү. Анткени, тургун көйгөйүн айтып, кайра ошол эле көйгөй менен кала берсе, жолугушуунун маңызы болбой калат. Мен мүмкүн болгон маселелерди жеринде чечүүгө аракет кылам. Ал эми дароо чечүүгө мүмкүн болбогон маселелер боюнча мөөнөтүн жана аткаруучусун аныктап, көзөмөлдөп турабыз. Мен үчүн шаарды башкарууда эл менен түз байланыш өзгөчө мааниге ээ. Себеби, шаардын чыныгы көйгөйүн кагаздагы отчеттон эмес, ошол жерде жашаган адамдардын пикиринен жана күнүмдүк турмушунан көрүүгө болот.

— Шаар ичинде автоунаалардын тыгыны байкала элекпи? Келечекте бул көйгөйдүн алдын-алууга камылга көрүп жатасызбы?
— Учурда калаабызда автоунаалардын олуттуу тыгыны деле байкалбайт. Бирок, шаар өнүгүп, калктын, автоунаалардын саны жана транспорттук кыймыл акырындык менен өсүп жатканын эске алып, бул маселеге алдын-ала кам көрүү зарыл. Биз транспорт маселесин тыгын пайда болгондо гана чечүүгө аракет кылбастан, коомдук транспорттун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга басым жасап жатабыз. Анткени, коомдук транспорт канчалык ыңгайлуу жана жеткиликтүү болсо, тургундардын жеке автоунаага болгон муктаждыгы да ошончолук азаят. Башта айтканымдай, 2026-жылы КРнын Президентинин Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттын эсебинен Токмок шаарына 10 заманбап автобус сатылып алынып, шаардык каттамдарга чыгарылып, калаанын кичирайондорун борбордук базар менен байланыштырган каттам уюштурулду. Бул аракет шаар тургундарынын күнүмдүк каттамдарын жеңилдетүүгө багытталган. Мындан тышкары, коомдук транспорттун паркын мындан ары жаңылоо жана экологиялык жактан таза транспортко өтүү багытында Корея менен кызматташуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында шаарга электробустарды тартуу боюнча долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Биз үчүн коомдук транспорт маселеси бир гана автобустардын санын көбөйтүү эмес. Каттамдардын ыңгайлуулугу, жүрүү аралыгы, шаар тургундары үчүн жеткиликтүүлүгү жана транспорттун заманбап талаптарга жооп бериши да маанилүү. Албетте, келечекте шаардагы жол кыймылынын көбөйүшү мүмкүн экенин эске алып, транспорттук инфраструктураны алдын ала пландаштыруу зарыл. Бул багытта жолдорду оңдоо, коомдук транспорттун паркын жаңылоо жана шаар ичиндеги каттамдарды оптималдаштыруу боюнча иштер мындан ары да улантылат. Башкы максат — Токмокто бүгүн тыгын жок деп маселени кийинкиге жылдырып койбостон, эртең мындай көйгөй жаралбашы үчүн азыртан шарт түзүү.

Калыгул Бейшекеев

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X