Күз-кышка даярдык күчөтүлдү. Энергетикалык объектилер текшерилүүдө

18-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөттү. Ведомствонун өкүлдөрү аймактарга чыгып, энергетикалык объектилердин даярдыгын жана жабдуулардын техникалык абалын жеринде текшерүүдө.

Текшерүүнүн алкагында объектилердин жогорулатылган жүктөм шартында иштөөгө даярдыгы, оңдоо жана алдын алуу иштеринин аткарылышы, ошондой эле керектүү материалдар, тетиктер жана жабдуулар менен камсыздалышы бааланууда. Кампалардагы запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө да өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, кызматкерлердин күз-кыш мезгилине даярдыгы жана авариялык топтордун өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгү көзөмөлдөнүүдө.

IMG_1382.JPG.jpeg

Министрликтин маалыматына караганда, текшерүүлөрдүн негизги максаты — энергетикалык жабдуулардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо.

Жеринде аныкталган кемчиликтер каттоого алынып, жооптуу жетекчилерге аларды жоюу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилүүдө. Ар бир иштин аткаруу мөөнөтү белгиленип, анын жүрүшү Энергетика министринин жеке көзөмөлүндө болот.

Бекитилген графиктен артта калуу фактылары аныкталса, жооптуу уюмдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Алар оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктап, объектилерди зарыл болгон материалдар, запастык бөлүктөр жана жабдуулар менен камсыз кылууга милдеттүү.

18-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X