Күзүндө пенсия көтөрүлөт

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 182

Кыргызстанда 2026-жылдын күз айларында пенсиялар кайрадан жогорулатылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, учурда республикадагы эң төмөнкү пенсия 7,1 миң сомду түзөт. Мурда айрым жарандар 1–2 миң сом өлчөмүндө гана пенсия алып келишсе, жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында бул көрсөткүч олуттуу жогорулаган.

Мукамбетов белгилегендей, пенсиялар инфляциянын деңгээлине жана орточо айлык акынын өсүшүнө жараша жыл сайын индексацияланып турат. Бул механизм жарандардын кирешесинин реалдуу наркын сактоого багытталган.

Ошондой эле ал 2026-жылы пенсияларды октябрь айларында жогорулатуу пландалып жатканын айтып, так пайыздык көрсөткүч өлкөнүн жарым жылдык бюджеттик жыйынтыгына жараша аныкталарын кошумчалады.

Учурда Кыргызстанда орточо пенсия 11,3 миң сомду түзөт.

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 182
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X