Кыйылган ар бир дарактын ордуна беш көчөт отургузуу сунушталды
Бишкекте дарактарды коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде биринчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорун депутаттар Дастан Бекешев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Абиров жана Умбеталы Кыдыралиев демилгелеген.
Дастан Бекешевдин айтымында, учурда дарак мыйзамсыз кыйылганда айып пул салынганы менен, анын орду толтурулбай калууда. Ушундан улам жаңы талап сунушталууда: ар бир кыйылган дарактын ордуна беш көчөт отургузулуп, алар үч жыл бою милдеттүү түрдө багылышы керек.
«Көчөт отургузуу менен эле иш бүтпөйт. Анын өсүп кетишин камсыз кылуу зарыл», — деген пикирлер жыйында да айтылды.
Ошондой эле сугат суу системаларын талкалаган тараптарга келтирилген зыянды өз эсебинен калыбына келтирүү милдетин жүктөө сунушталууда.
Жыйында депутат Алтынбек Кылычбаев жашылдандырууга жыл сайын ири каражат бөлүнөрүн белгилеп, канча көчөт отургузулары боюнча маалымат сурады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү Кумарбек Мамбеталиевдин маалыматына караганда, 2026-жылы 9 миллион көчөт отургузуу пландалууда.
Депутаттар көчөттөрдүн кийинки тагдырына да көңүл бурушту. Алтынбек Кылычбаев алардын өсүп-өнүшүн жана корголушун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, жеке жарандардын бак-дарагы мамлекеттик муктаждык үчүн кыйылган учурда тиешелүү кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги бак-дарактарды инвентаризациядан өткөрүп, алардын абалын туруктуу көзөмөлдөөнү сунуштады. Ал эми Райымберди Дүйшенбиев дарак кыюуга уруксат берүү жол-жоболорун тактоого чакырды.
Улукбек Узакбаев болсо отургузулган көчөттөрдү үч жыл бою багуу талабын ким жана кандай тартипте көзөмөлдөй турганына көңүл бурду.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Министрлер кабинети мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.