Кылмыш болгон жерден табылган издер эми жаңы ыкмалар менен изилденет
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматында кылмыш болгон жерлерден ДНК далилдерин аныктоо, алуу жана изилдөө боюнча беш күндүк окуу аяктады.
Окуу Европа Биримдигинин EU ACT («Уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы аракеттер») долбоорунун колдоосу менен өттү. Ага ИИМдин эксперт-криминалисттери, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.
Эл аралык эксперттер Португалия жана Испаниянын полиция органдарынан тартылып, катышуучуларга биологиялык издер менен иштөө, ДНК далилдерин сактоо, кан издерин талдоо жана соттук-генетикалык экспертизанын заманбап ыкмалары боюнча сабактарды өткөрүштү.
Практикалык бөлүктө адистер кылмыш болгон жерлерде иштөө алгоритмдерин, атайын криминалистикалык каражаттарды колдонуу жана далилдерди туура сактоо ыкмаларын өздөштүрүштү.
Иш-чаранын соңунда тегерек стол уюштурулуп, ИИМ системасында соттук-генетикалык багытты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Окууну ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.
ИИМ белгилегендей, заманбап ДНК-анализ технологияларын киргизүү кылмыштарды иликтөөнүн сапатын жогорулатып, далилдерди так аныктоого жана кылмыштын бетин тез ачууга мүмкүнчүлүк берет.