Кылым карыткан ардагер – Сатынды Жапаров
Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленген Улуу Ата Мекендик согушка Теңир‑Тоо жергесинен 18 миң 146 эр‑азамат өзү капысынан катылган жоого каршы аттанган. Алардын 12 миңи согуш талааларында курман болушса, 3400ү алигиче дайынсыз. Ал эми жети миңге жакыны аман-эсен кайтып келишсе да, убакыттын өтүшү менен аралары суюлуп, учурда бирөөсү гана бар. Кичи мекендерине эстеликтери тургузулган Дайыр Асанов жана Анвар Чортеков согуш талааларында көрсөтүшкөн эрдиктери жана каармандыктары үчүн Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамына арзышкан. Ушул эки агасынын жолун жолдоп, Ленинградды 900 күнгө созулган курчоодон бошотуудагы каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган Сатынды Жапаров кылымдык өмүр кечирүүдө.
Ошондой эле көкүрөгүндө Европаны фашисттик германиянын баскынчылыгынан куткаруудагы эрдиктерин жана эл чарбасын калыбына келтирүүдөгү сиңирген эмгектерин даңазалаган орден, медалдар жаркырайт. Учурда алты кыз, төрт уулунун, 27 небере жана 23 чөбөрөсүнүн төрлөрүнүн көркү. Анын жалгыз гана тилеги – тынчтык жана ынтымак. Жашы жүздөн ашып, карылыктанбы Сатынды аксакалдын кыймылы, сүйлөгөнү жай. Бирок бала-бакыраларынын ар тараптуу камкордуктарынан болсо керек, саламаттыгы жакшы. Айтымында, согуштан кийин киндик каны тамган кичи мекенине 1947-жылы кайтып келген. Ардактуу эс алууга чыкканга чейин Нарындагы сүт заводунда үзүрлүү эмгектенген.
Ал эми басса-турса алыстагы чүрпөлөрү оюнан кетпеген Бопуй Сатиева бели ката элек балалыгында эле чоң чарбачылыкка аралашты. Бар күчүн фронт жана жеңиш үчүн жумшап, ооруктагы бардык оорчулуктарга чыдады. Ошондо таң эртеден түндүн бир оокумуна чейин созулган жумуштар кыз-келиндердин, аялдардын, жада калса тестиер балдардын жоопкерчиликтеринде эле. Ушинтип жүргөнүндө, кан күйгөн Батышта душмандарга каршы турган өмүрлүк жолдошунан кара кагаз келип, кайгыга баткан. Антсе да, орду толгус жоготуусуна карабай, тескерисинче чыйралып, Улуу Жеңишти жаратууга бараандуу салымын кошкон.
Көрсөтүшкөн баатырлыктарына жана эбегейсиз эмгектерине жараша жогоруда аталган каармандарыбыз Ат-Башы районундагы Жеңиш майрамынын башкы да, эң сыйлуу да меймандарынан болушту. Аларга мамлекет, жергиликтүү бийликтер, облустук, райондук мекемелер тарабынан каралган акчалай сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды. Ушундай эле камкор жылуу мамиле Теңир-Тоо жергесиндеги башка да ардагерлерге жасалды. Эске салсак, учурда Нарын облусунда согуштун 1 жана ооруктун 7 ардагери бар.
Бөлөкбай Шеримбеков,
Ат-Башы району