Кымыздын жаңы доору: Кыргызстанда улуттук брендди өнүктүрүү демилгеси көтөрүлдү
Бишкекте бээнин сүтүн жана кымызды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган «Кыргыз кымызы» долбоору талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (JICA) жана «Кыргыз Кымызы «Кымызфест» ассоциациясы» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өттү. Жыйын министрдин орун басары Рысгүл Акимжановдун жетекчилиги алдында болду.
Жолугушууда «Кыргыз кымызы» долбоору тааныштырылып, анын негизги багыттары талкууланды. Долбоор бээнин сүтүн кайра иштетүүнү күчөтүп, ата мекендик кымыздын сапатын жогорулатууга, жаңы кошумча нарк жаратууга жана продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Катышуучулар демилге айыл аймактарындагы өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, кайра иштетүү өнөр жайына кошумча түрткү берерин белгилешти.
Өзгөчө заманбап кайра иштетүү технологияларын киргизүү, продукциянын сапаты менен коопсуздугунун стандарттарын жакшыртуу жана кымызды жыл бою сатууга шарт түзүү маселелерине көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда тараптар «Кыргыз кымызы» долбоорун мындан ары өркүндөтүү, бээнин сүтүн кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана «Кыргыз кымызы» улуттук брендин ички жана тышкы рыноктордо илгерилетүү боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.
Демилге ийгиликтүү ишке ашса, кыргыз кымызынын рыноктогу ордун бекемдеп, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кирешесин көбөйтүүгө жана улуттук продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатууга жол ачат.