Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын аймагы жашылдандырылат

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 58

Социалдык тармактарда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын боз үйлөрү жана убактылуу курулуштары демонтаждалгандан кийинки көрүнүшү тартылган видеолор тарап жатат.

Буга байланыштуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги этношаарчанын аймагы кароосуз калбай турганын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, боз үйлөр жана башка убактылуу объектилер жайгашкан аянтчаларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери алдын ала пландалган.

Демонтаж иштери толук аяктагандан кийин атайын даярдалган тегиз аянтчаларга көп жылдык газон чөбү себилет. Ал жергиликтүү жаратылыш-климаттык шарттарга ылайык тандалат.

Бул иштердин негизги максаты — Кырчын жайлоосундагы аймактын көрктүү көрүнүшүн сактап, аны жашылдандыруу жана мындан ары талаптагыдай кармоо.

Иш-чаралар Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, «Шамал» фестивалынын катышуучулары да жашылдандыруу иштерине кошулуп, өз салымын кошот.

Министрлик белгилегендей, этношаарчанын аймагын көрктөндүрүү — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин аткарылуучу иштердин алдын ала каралган комплексинин бир бөлүгү.

Демек, учурда социалдык тармактарда тарап жаткан видеолордогу көрүнүш — акыркы жыйынтык эмес. Боз үйлөрдүн ордуна көп жылдык газон төшөлүп, Кырчындын аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери улантылат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X