Кырчында көчмөндөрдүн рухун жаңырткан кыргыз-казак айтышы өтөт

27-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 224

Көчмөндөрдүн руху, тарыхы жана өнөрү Кырчын жайлоосунда кайрадан жаңырмакчы. 2–4-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт.

Үч күнгө созулган өнөр таймашында Кыргызстандын жана Казакстандын мыкты төкмөлөрү комуздун коштоосунда күч сынашат. Акындар курч сөзү, тапкычтыгы жана төгүп ырдаган чеберчилиги менен эки элдин тарыхын, достугун, биримдигин жана бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларын ыр саптарына салышат.Нет описания фото.

Айтыш — көчмөн элдердин оозеки чыгармачылыгын, салт-санаасын жана руханий мурасын муундан муунга жеткирген уникалдуу өнөр. Эл аралык таймаштын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X