Кырчынга барчу коноктор үчүн 300 кичи автобус акысыз каттайт

23-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 331

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген шаар тургундары жана чет элдик коноктор Кырчын жайлоосуна акысыз жеткирилет. Бул үчүн Бишкек шаардык мэриясы тарабынан 300 кичи автобус тартылат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ДЕПО-2нин аймагында Көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылган айдоочулар менен жолугушууда билдирди.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Акысыз каттамдар үч негизги багытта уюштурулат:

  • Бает айылы – Кырчын капчыгайы;
  • Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы – Кырчын жайлоосу;
  • Жаркынбаев айылы – Кырчын жайлоосу.

Мындан тышкары, күтүлбөгөн кырдаалдар үчүн 5 резервдик кичи автобус даяр турат.

Мэр транспорттук камсыздоого катышуу ыктыярдуу экенин белгилеп, айдоочуларды кызмат көрсөтүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле алардын катышуусуна байланышкан бардык чыгымдарды мэрия өзүнө аларын билдирди.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүп, ага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн спортчулар катышат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X