Кыргыз алфавити өзгөрбөйт. Дайырбек Орунбеков «Э» жана «Е» боюнча түшүндүрдү

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында коомдо талкуу жаратып жаткан кыргыз тилиндеги «Е» тамгасына байланыштуу маселеге расмий түшүндүрмө берди.

Акыркы күндөрү Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары кыргыз тилиндеги «Э» жана «Е» тамгаларына байланыштуу өздөрүнүн жеке сунушун коомдук талкууга чыгарган. Бул демилге социалдык тармактарда ар түрдүү пикирлерди жаратып, кызуу талкууга себеп болууда.

Белгиленгендей, аталган сунуштар жеке көз караш жана жеке демилге болуп саналат. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай расмий чечим же демилге көтөрүлгөн эмес.

Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз бойдон калат.

Ошондой эле, мындай сунуштарды коомдук талкууга чыгарууда анын зарылдыгы, мүмкүн болуучу кесепеттери жана коомдук кызыкчылык кылдат бааланышы керек экени белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X