Кыргыз балбандары дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптардан орун алышты

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19

Дүйнөлүк күрөш рейтингинде Кыргызстандын беш балбаны орун алды. Бул тууралуу United World Wrestling (UWW) уюмунун расмий сайтында маалымдалды.

Рейтингде 57 килограммга чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу 2-орунду ээледи. Ал эми 74 килограммга чейин Эрназар Акматалиев 3-сапка жайгашса, 61 килограммга чейинки салмакта Тайырбек Жумашбек уулу 8-орунда турат. Ошондой эле 74 килограмм салмакта Орозобек Токтомамбетов 24-орунду, 86 килограммга чейинки салмакта Мухаммад Абдуллаев 34-орунду ээледи.

Жаңыланган тизме спортчулардын 2025-жылы Хорватияда өткөн дүйнө чемпиондугунда топтогон упайларынын негизинде түзүлдү.

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X