Кыргыз делегациясы KAZANFORUM аянтчасында бир катар жолугушууларды өткөрдү

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 161

Россия Федерациясынын Казань шаарында өтүп жаткан KAZANFORUM алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин  башчысы  Равшанбек Сабиров форумдун ишкердик программасына катышып, бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жана инвесторлор үчүн түзүлгөн мамлекеттик колдоо механизмдери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, эркин экономикалык аймактарды жана индустриалдык парктарды түзүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны жакшыртуу, санариптик экономиканы жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттар сунушталды.

Жолугушууларга мамлекеттик органдардын, инвестициялык уюмдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышып, инвестиция тартуу, атайын экономикалык режимдерди өнүктүрүү жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү жаатындагы тажрыйба алмашуу маселелери каралды.

Мындан тышкары, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча келечектүү багыттар талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында кызыкдар чет өлкөлүк өнөктөштөр менен инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча өз ара аракеттенүүнү улантуу тууралуу макулдашууларга жетишилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X