Кыргыз драма театры 100-сезонун ачты

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 87

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры бүгүн, 23-сентябрда, 100-театралдык сезонун ачты.

Салтанаттуу иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, театр жетекчилиги, чыгармачыл топ жана кыргыз театр өнөрүнүн ардагерлери катышты.

Алар театр жамаатын жаңы сезон жана 100 жылдык чыгармачылык жолдун маанилүү этабы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Юбилейлик сезон Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Төлгө» спектакли менен ачылды.

Жаңы сезондо көрүүчүлөргө жаңы спектаклдер жана маданий долбоорлор тартууланат.

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 87
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X