“Кыргыз энциклопедиясынын” башкы редакциясында өрт чыкты

16-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кырсык 34

15-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Бишкекте Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясынын 3-кабатында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кызматы билдирди.

Анын кесепетинен бухгалтерия бөлмөсүндөгү буюмдар, эмеректер жана иш кагаздар күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X