Кыргыз футбол биримдиги жаңы президентин шайлады
Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин кезексиз конгресси өтүп, уюмдун жаңы жетекчилиги аныкталды.Футбол биримдигинин маалыматына ылайык, жыйындын алкагында президент жана аткаруучу комитеттин жаңы курамы шайланды.
КФБнын Уставына ылайык, президенттик кызматка жалгыз талапкер болуп көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиев ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоо тапты.
Мындан тышкары, аткаруучу комитеттин курамына Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды.
Жаңы шайланган жетекчиликтин ыйгарым укуктары 2030-жылга чейин уланары маалым болду.