Кыргыз-герман өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселелери каралды

20-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Тараптар Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин кезектеги жыйынын ушул жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында өткөрүү тууралуу макулдашып, анын мазмундук бөлүгүн даярдоо иштерин баштоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Райнхольд Крэммель бир катар маселелерди көтөрүп, анын ичинде Кыргыз Республикасында кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана кыргыз-герман экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

20-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X