Кыргыз искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Алмагүл Болотова дүйнөдөн кайтты
Белгилүү сүрөтчү-колдонмо чебер жана живописчи Алмагүл Болотова 69 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Ал кыргыз искусствосунун белгилүү сүрөтчүсү, Догдурбек Нургазиевдин өмүрлүк жубайы болгон.
Алмагүл Болотова 1957-жылы Ысык-Көл облусу, Ой-Тал айылында туулган. 1978-жылы С.А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1997-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болуп, 2008-жылы Ж. Жумадылов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
Алмагүл Болотова өз чыгармачылык өмүрүндө кыргыз көркөм өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп, гобелен жана живопись жанрында өзгөчө стилди калыптандырган. Анын эмгектери табияттын сулуулугун — жыл мезгилдерин, тоолорду, өсүмдүктөрдү терең философиялык жана шарттуу-графикалык ыкмада чагылдыруусу менен айырмаланат.
Сүрөтчү республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн туруктуу катышуучусу болуп, эмгектери Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогору бааланып, Түркия, Германия, Франция, Жапония, Россия, Казакстан, АКШ, Канада сыяктуу өлкөлөрдө өткөн көргөзмөлөрдө коюлган.
Ал Швейцария (Женева), Бельгия (Брюссель), Иран (Тегеран), Түркия (Анкара), Жапония сыяктуу эл аралык көргөзмөлөргө катышып, кыргыз искусствосун дүйнөгө таанытууга чоң салым кошкон. Ошондой эле «ЭКСПО-2005» (Нагоя, Жапония) жана «АРТ-Биеннале» (Бангладеш) сыяктуу ири маданий иш-чараларга катышкан.
Алмагүл Болотованын жеке көргөзмөлөрү Бишкек шаарында жана Германиянын Херен шаарында уюштурулган.
Сүрөтчү бир катар сыйлыктарга ээ болгон, алардын арасында: «Сорос-Кыргызстан» фондунун сыйлыгы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамоталары, эл аралык көргөзмөлөрдүн дипломдору жана башка сыйлыктар бар.