"Эркин-Тоо"

КЫРГЫЗ КИНО ӨНӨРҮНҮН КОРИФЕЙИ

Кыргыз киносунун корифейи, легендасы, кыргыз кереметинин жаратуучуларынын бири, айтылуу Геннадий Базаров ушул жылдын 6-февралында 81 жашында жарыкчылык менен кош айтышты. Ал 1942-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда туулган. Кино дүйнөсү бала чагында эле жан дүйнөсүн делөөрүтүп, өзүнө магниттей тартып турган. Ошондонбу, бала чагында дембе-дем сүрөт чиймелегенди жана фото сүрөтчүлөрдүн эмгегине баам салганды жактырган. Орто мектепти аяктаган соң кыргыз кино студиясына алгач жумушчу болуп орношуп, бир аз убакыттан соң операторго ассистенттик кызматты аткарып, кино дүйнөсүнө баш баккан. Жыл өткөн соң кесипкөй оператор болууну көздөп, Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна тапшырган. Сынак убактысы өтүп кеткендигине байланыштуу Геннадийге режиссёрлукка тапшырып көрүүнү сунушташкан.

“САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ” ДЕБЮТТУК КИНО ТАСМАСЫ БОЛГОН

Кыргыз элинин маңдайына бүткөн асыл уулу Чыңгыз Айтматов “Саманчынын жолу” тасмасын тартууну Геннадийге сунуштаганда, дүйнөгө белгилүү жазуучунун чыгармасына тиш салуудан айбыгып, бир чети толкунданып, “күчүм жетер бекен дегендей” жүрөксүнгөн боз улан сүрдөө менен кабыл алат. Жаңы гана институтту аяктаган 23 жаштагы жигит “Чыңгыз Төрөкулович, менин колумдан келбейт. Мен кечээги студентмин, мындай чоң фильмдерди тартып көрө элекмин” дегенде “Кабатырланба, сенин “Молитва”, “Пауза” аттуу курстук эмгектериңди көрдүм. Фильмди тартууда жаныңда болуп, кеп-кеңешимди айтып турам. Бир гана өтүнүчүм бар, Толгонайдын ролуна Бакен Кыдыкееваны тарт” дейт улуу жазуучу. Бирок, ошол жылдары Айтматовдун бир катар чыгармалары экрандаштырылып жатканына байланыштуу, “Саманчынын жолу” тартылып жаткан учурда жазуучунун Геннадий Базаровго жолукканга убактысы болгон эмес.

БАРДЫК ЭМГЕКТЕРИ КЫРГЫЗ КИНОСУНУН АЛТЫН ФОНДУСУНА КИРГЕН

Социалдык темалар Геннадий Базаровдун “жүрөк оорусуна” айланып, жанын жай алдырчу эмес. Анын фильминин каармандары бейбечаралар, ичимдикке жакындар, “түнкү көпөлөктөр”, жана коомдон четте калган жалгызжарым адамдар эле. Аны кесиптештери, тааныштары тамашалап “подвальный режиссёр” деп келишкен. Анткени, анын фильмдериндеги айрым каармандардын жер төлөдө күн кечирип, баш калкалаганын көрүүгө болот. Геннадий Базаров тарткан бардык тасмалар кыргыз киносунун алтын фондусуна кирген.

«ЖЕР БЕТИНДЕ АДАМ БОЛУП ЖАШАГАНДЫ ҮЙРӨНСӨ ЭКЕН»

Ал өзүн “тагдырдын эрке уулумун” деп айтып, басып өткөн өмүр жолуна чексиз ыраазы болуп жашаган, Жараткандын улуу кереметин көз жаздымда калтырбаган инсан эле. Миң санат турмуштан адам тагдырын, өлүм-өмүр маселесин, адамдын адам болуу вазийпасына умтулуу чен-өлчөмдөрүн көрө билген чыгаан режиссёр болгон. Геннадий Базаров улуу искусствонун башкы миссиясы адамзатты тарбиялоо парзын көңүл көйүндө сактап, “Адамдар куштай болуп көктө учканды, балык болуп сууда сүзгөндү үйрөндү. Эми жер бетинде адам болуп жашаганды үйрөнсө экен” деген фразаны кайталаганды жакшы көргөн.

АКЫРКЫ САПАР

Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов анын көз жумарынан 20 күндөй гана мурдараак үйүнө барып жолугуп, чай ичип, сырдашып отуруп келгенин айтып “Жарыктык киши өлбөчүдөй болуп, ой-максаттарын, жасай турган иштерин айтып отурду эле” деп эскерди. Ал эми УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев: “Ал кинорежиссёр болбой калганда мыкты жазуучу болмок. Кино тармагы менен кетсе дагы калемин колдон түшүрбөй, проза жазып жүрдү. Чыгармаларын тасма кылып тартты. Геннадий аба, режиссуранын туу чокусуна чыгып, кылымга атын калтырып кетти” деди.

Афина БАКИРОВА
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!