Кыргыз-корей кызматташтыгында маданият жана туризм багыты талкууланды

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 101

2026-жылдын 16-июлунда Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин Эл аралык маданий байланыштар боюнча башкы директору Ким Хёнджун менен жолукту.

Жолугушууда «Корея Республикасы – Борбордук Азия» саммитине даярдыктын алкагында маданият, спорт, туризм жана гуманитардык байланыштар жаатындагы кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу, искусство, спорт жана креативдүү индустриялар тармагындагы алмашууларды кеңейтүү, ошондой эле туризм багытындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Корея Республикасы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин ырасташты.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X