Кыргыз-кытай кызматташтыгынын “алтын доору”

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Анын Бишкекке келиши Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине да туш келди. Кытай лидерин «Манас» эл аралык аэропортунан Президент Садыр Жапаров өзү тосуп алып, сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлери 31-августта расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кыргыз-кытай кызматташтыгынын саясий жана экономикалык маселелерин талкуулашты.

Си Цзиньпиндин бул жолку келүүсү мамлекеттик сапар катары уюштурулду.
Мамлекеттик сапар — мамлекет башчысынын башка өлкөгө жасаган дипломатиялык сапарынын эң жогорку протоколдук деңгээлдеринин бири. Мындай визитте расмий тосуп алуу аземи, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, мамлекеттик иш-чаралар жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди кеңири талкуулоо каралат.
Башкача айтканда, мамлекет башчысынын ар бир чет өлкөгө баруусу эле мамлекеттик сапар боло бербейт. Жумушчу же расмий сапардан айырмаланып, мамлекеттик сапар символдук жана протоколдук мааниси жогору болгон визит катары каралат.

Кыргызстан менен Кытайдын азыркы дипломатиялык мамилелеринин тарыхы Кыргызстандын эгемендигинин алгачкы жылдарына барып такалат. Кытай Кыргызстандын көз карандысыздыгын 1991-жылдын 27-декабрында таанып, 1992-жылдын 5-январында эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн. Ошол эле жылы Кытай Бишкекте элчилигин ачкан. Бүгүн эки өлкө бир гана дипломатиялык өнөктөш эмес, түздөн-түз коңшу мамлекеттер. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 1071,8 чакырымды түзөт. Ошентип Кытай Кыргызстан үчүн бир эле учурда коңшу, ири соода өнөктөшү, инвестор жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоочу өлкө болуп саналат.

Ал эми Кытай үчүн Кыргызстан Борбор Азияга чыгуучу маанилүү коңшу мамлекеттердин бири. Андыктан эки өлкөнүн мамилеси акыркы жылдары «жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине чейин көтөрүлдү. Кытай тарап эки өлкөнүн мамилесинин азыркы этабын «алтын доор» катары да мүнөздөп келет.

Кызматташтыктын артыкчылыгы
Сапардын жыйынтыгында 30дан ашуун эки тараптуу документке кол коюлду. Алардын арасында транспорт, инвестиция, соода, айыл чарба, илим, билим берүү жана төлөм системалары боюнча макулдашуулар бар. Документтердин эң маанилүүсү — Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда “Түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык” жөнүндө келишимге кол коюлушу. Ошондой эле эки өлкө жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү сапаттуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларацияга кол койду. Бул документтердин саясий мааниси абдан чоң.

Кыргызстан үчүн эң чоң долбоорлордун бири Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Бул долбоор өлкөнүн транспорттук мүмкүнчүлүгүн өзгөртүп, Кыргызстанды Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы жаңы логистикалык каттамдын маанилүү бөлүгүнө айландыруу максатын көздөйт. Кытай тарап бул долбоорду «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагындагы маанилүү инфраструктуралык долбоор катары карайт. Кыргызстан үчүн темир жолдун пайдасы рельс жана поезд менен эле чектелбейт. Каттамдын боюнда логистикалык борборлорду, кампаларды, кайра иштетүүчү ишканаларды жана тейлөө кызматтарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн.
Андан сыткары сапардын алкагында чек ара инфраструктурасы боюнча да бир катар документтер кабыл алынды. Алардын арасында «Бедел» өткөрмө пунктундагы автомобиль көпүрөсүн, өткөрмө пунктту курууга жана техникалык жактан жабдууга байланыштуу келишимдер бар. Ошондой эле кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жана өткөрмө пункттарды башкаруу боюнча сүйлөшүүлөр орун алды. Анткени чек арадагы өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңейсе, товар жүгүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана жеткирүү убактысын кыскартууга шарт түзүлүшү мүмкүн.

Айыл чарбасы боюнча да жаңы мүмкүнчүлүктөр каралды. Жылкы, кой-эчкинин эти жана жаңы мөмө-жемиштерди Кытайга экспорттоого байланышкан фитосанитардык жана санитардык талаптар боюнча бир катар документтер кабыл алынды. Адистердин пикиринде бул келишимдер кыргыз фермерлери үчүн Кытайдын чоң рыногуна чыгууга шарт түзүшү мүмкүн.

Си Цзиньпиндин Бишкекке болгон мамлекеттик сапары ШКУнун саммити менен катар өтүшү анын саясий салмагын дагы күчөттү. Бир нече күнгө Бишкек Кытай, Орусия, Индия, Иран жана Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери чогулган дипломатиялык борборго айланды. Кытай үчүн бул Борбор Азиядагы өнөктөштөр менен түз диалог жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берсе, Кыргызстан үчүн өлкөнүн региондогу ролун көрсөтүүгө жол ачты.

Жазгүл Кенжетаева

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар / #ШОС 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X