Кыргыз-кытай мамилеси жаңы деңгээлде
Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын эң жакынкы кошуна мамлекеттеринин бири. Акыркы 5 жылдыкта дүйнөлүк деңгээлде экономикалык жактан өнүгүү жолуна түшкөн бул мамлекет менен биздин өлкө ортосунда “алтын доор” башталган. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин ушул аптада өткөн брифинг учурунда билдирди. Элчи айым мындан 20 жыл мурдагы убакыт аралыгын алып караганда эки өлкө ортосунда азыркыдай эки тараптуу өнүгүүгө болгон далалат жана келечектүү биргелешкен долбоорлор болгон эместигин баса белгиледи. Албетте элчи айымдын айтканында чындык бар. Акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилеси жаңы даражага чыкты. Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын ортосунда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун башталышы буга далил. Учурда эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү, туризм дегеле бардык тармакта динамикалуу өсүш бар. Мындай өнүгүү ынак мамиледеги кошуналар үчүн абдан маанилүү.
Белгилүү болгондой, өткөн аптада Пекинде «Эки сессия» — 14-чакырылыштагы Бүткүл элдик өкүлдөр жыйынынын төртүнчү сессиясы жана Кытай Элдик саясий консультативдик кеңешинин 14-чакырылыштагы Бүткүл элдик комитетинин төртүнчү сессиясы — ийгиликтүү аяктаган. Бул Кытайдын саясий жашоосундагы маанилүү окуя, ошондой эле эл аралык коомчулук Кытайдын өнүгүшүн байкап, аны жакшыраак түшүнө турган маанилүү терезе. Дал ушул жыйында Кытай Эл Республикасынын экономикалык жактан өнүгүү жолунда экендиги дагы бир жолу айтылды. Кытай бийлиги 1953-жылдан бери ар бир 5 жылда алдына чоң пландарды коюп, өсүүнүн аракетин көрүп келгендиги белгилүү. Анын натыйжасында экономиканын туруктуу өнүгүшү камсыздалган.
Эң эле маанилүүсү, Кытай акыркы жылдары илимий жана технологиялык инновациялар жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишкен. Алсак, өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча жөнөтүлгөн болжол менен 13 000 гуманоид роботтун 90%ы Кытайга туура келген. Муну менен бул өлкө дүйнөдөгү робототехника патенттеринин эң ири ээси болуп калды. Интегралдык микросхемалар, жасалма интеллект, кванттык технологиялар, биомедицина, биофармацевтика жана жаңы энергия булактары сыяктуу тармактарда негизги технологияларды иштеп чыгууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен. Мындан улам өндүрүш өнөр жайынын кошумча наркы 16 жыл катары менен дүйнөдө биринчи орунда туруп келет.
Кытай учурда экологиялык цивилизацияны курууда жаңы натыйжаларга ээ болууда. Мисал катары Цзянсу провинциясындагы биринчи «нөлдүк көмүртектүү» Цзянсян акылдуу айылынын негизделишин айтсак болот. Бул айыл азыр дүйнөгө атагы чыгып, туристтердин кызыгуусун арттырууда. Кыскасы, айыл чарбасы, жакырчылыкты жоюу, дегеле бардык тармакта өсүш алган Кытай учурда өнүгүү жолунда.
Башкысы, дүйнөдө тынччылык болуп, эл аралык мамилелер өз ара түшүнүшүү аркылуу жүргүзүп турганы жакшы. Айрыкча кошуналар ортосунда жылуу мамиле сакталып, Кыргызстандын ортосундагы «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагындагы жогорку сапаттагы кызматташтык туруктуу тереңдеп, конкреттүү практикалык мазмунга ээ боло бергендиги маанилүү. Азыр эки тараптуу соода көлөмү 27,2 миллиард долларга жетип, 20%га өсүп, кайрадан тарыхый жогорку деңгээлге жетти. Кытай менен Кыргызстан соода өсүшү боюнча Борбордук Азияда биринчи орунда турат, Кытайдын Кыргызстандан импорту 86%га өстү.
Жазгүл Кенжетаева