“КЫРГЫЗ КЫЗЫ – КЫРГЫЗ ҮЧҮН ЭНЕСИҢ!”
Ата Журттун айдың, төрүн, белесин,
чырмап турган тарам жолдун «желесин»
кыян алган кезден аяп – корголоп,
Ала-Тоонун берип турган элесиң.
Ким болбосун, унутпаган энесин –
алып жүргөн Умай Эне элесин:
Кыргыз кызы – кыргыз үчүн жан берип,
кыргыз кызы – кыргыз үчүн энесиң.
Сактап келген Сайкал Кыздын элесин,
кечип кеткен, барбы деги, энесин?!
Кыргыз кызы – кыргыз отун өчүрбөй,
кыргыз кызы – эң биринчи энесиң.
Жүзүн чайган, жүзүн сууга каранган,
эркин өсүп, эркин чачы таралган…
Кыргыз үчүн – кыздын улуу кырк чачы,
кыргыз үчүн – кыргыз кызы жаралган.
Кыргыз кызы – Чолпон болуп жаналган,
жаш ордуна көздөн сыгып «кан» алган,
өлө турган уулун карап Курманжан,
атаганат, өлүм барын тан алган.
Элин сактап – сөз узанып устадай:
«Көтөр башты…» деген сөзү нускадай…
Аман жанга бир берилген өмүрдүн,
ансыз деле, баскан жолу кыскадай…
Артты карап, кылчак карап кайрылбай,
кайран энем, эл-журтунан айрылбай:
Кайгысынан боздоп инген – төө чөгүп,
турса дагы… «турган» дешет кайгырбай…
Ала-Тоонун берип турган элесин,
ким болбосун, унутпаган энесин,
Кыргыз кызы – кыргыз үчүн жан берип,
кыргыз кызы – кыргыз үчүн энесиң!
(Манап Алиев, “ЖАН КҮЙӨР”
ырлар жыйнагы.
Бийиктик басмасы, 2009-ж., 96-бет)
Биздин фольклордук жана профессионалдык жазма адабиятыбызда абалтан эле аял-эне образы – улуттун руханий тирөөчү катары сүрөттөлүп келет. Кыргыз элинин таланттуу акыны, акимдикти да, акындыкты да, инсандык нарк-насилди да бирдей бийик деңгээлде алып жүрүп, беш түлөк бүркүттөй кыраакы, мырзалык абийирди бекем кармап жашап өткөн бейиши болгур Манап Алиевдин “КЫРГЫЗ КЫЗЫ – КЫРГЫЗ ҮЧҮН ЭНЕСИң” деген бул ырында, ал кыргыз кызынын образын жеке инсандык деңгээлден бийик көтөрүп, улуттук символ, тарыхый эс тутум, руханий мурас катары кеңейтип ачып берген. Ал – кыргыз поэзиясында улуттук пафос менен философиялык тереңдикти айкалыштырып жаза алган мыкты акындардын бири эле. Анын акындык дарамети биринчи кезекте башка акындардан образдык ой жүгүртүүсүнүн масштабдуулугу менен айырмаланып турат.
Манап Алиев конкреттүү турмуштук көрүнүштү алып, аны мифологиялык, тарыхый жана символдук деңгээлге көтөрө билген күчтүү калемгер болгон. Ал бул ырында кыргыз кызынын образын жөн гана лирикалык каарман эмес, улуттун руханий өзөгү катары чебер сүрөттөгөн. Анын поэзиясынын күчү – анафоралык кайталоолор аркылуу декларативдүү формула, ураандык ритм менен идеяны бекемдеп бере алганында. Анафоралык ыкманы кылдат колдонуу менен акын текстке комуз күүсүндөй ыргак берип, ойду бекемдеп, эмоцияны күчөтүп, идеяны ураандык деңгээлге көтөрүп чыккан. Мисалы, “…Кыргыз кызы – кыргыз үчүн жан берип, Кыргыз кызы – кыргыз үчүн энесиң…” – деген сөз айкашын ырдын сап башында бир нече жолу кайталоо менен жүрөктөргө кыттай куюп, көңүлгө бекем орноп калуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн.
Автордун дээрлик бардык ырларынын текстинде ички драматизм жана тарыхый эс тутумга таянган философиялык салмак өзгөчө орунду ээлеп турат. Манап Алиевдин акындык дараметинин дагы бир өзгөчөлүгү – аял образын пассивдүү эмес, субъекттик деңгээлде бере алганында. Бул анын дүйнө таанымынын гуманисттик жана улуттук мүнөзүн айкын көрсөтүп турат. Ал поэзияда улуттук символизмди заманбап ой жүгүртүү ыкмасы менен айкалыштырган, поэтикалык текстти манифесттик бийик даражага көтөрүп чыга алган интеллектуал акын болгон. Автордун бул ырынан кыргыз кызынын тагдыры – улуттун тагдыры экенин түшүнөбүз. “Ага ар бирибиз жоопкерчиликтүүбүз” – деп коомго ачык кайрылып, жарыялаган идеялык позицияны сезимтал окурман кабыл албай койбойт. Бул ырдын текстинде кыргыз кызынын образы – эне, улут, ыйыктык, тарых, ар-намыс жана мамлекеттик түшүнүктөр менен айкалышып, ширелишип турат.
Келиңиз окурман, бул ырды поэтикалык, философиялык жана тарыхый катмарлардан чогуу карап көрөлү.
“Ата Журттун айдың, төрүн, белесин,
чырмап турган тарам жолдун «желесин»
кыян алган кезден аяп — корголоп,
Ала-Тоонун берип турган элесин…” – бул саптарда Ата Журт – жеке эле бир улут жашаган географиялык аймак эмес, улуу тагдыры бар ыйык мейкиндик. “Айдың”, “төр”, “белес” деген сөздөр бийиктик, ыйыктык жана кеңдик түшүнүгүн жаратып турат. Ал эми “тарам жолдун желеси” – тарыхый сыноолор, көчмөн элдин тагдыры, кыйынчылыктар аркылуу келген улуттун басып өткөн тарых-таржымалын билдирет. “Ала-Тоонун элеси” – улуттук аң-сезимдин символу. Кыргыз поэзиясында Ала-Тоо эгемендиктин, эркиндиктин, чыдамкайлыктын, руханий бекемдиктин метафорасы болуп берилип келет. Бул жерде Кыргыз кызынын образы – Ала-Тоонун элесин көрсөткөн руханий мураскер катары сүрөттөлгөн.
Ал эми “…алып жүргөн Умай Эне элесин:
Кыргыз кызы — кыргыз үчүн жан берип,
кыргыз кызы — кыргыз үчүн энесиң…” – деген саптарда акын кыргыз кызынын образын түрк дүйнөсүнүн байыркы руханий булагы, ыйыктыктын, мээримдүүлүктүн символу болгон Умай Эне менен байланыштырган. Умай Эне – тукумду сактоочу, баланы коргоочу, төрөттүн, жаралуунун, жаңылануунун, аруулуктун, өмүрдүн улануусунун колдоочусу. Демек, кыргыз кызы жөн гана аял эмес – улуттун руханий уландысы. Акын бул жерде “кыз – эне” деген парадоксту атайын тапкычтык менен колдонгон. Кыз болуу – потенциал, эне болуу – жоопкерчилик. Кыргыз үчүн ар бир кыз – эне миссиясын алып жүрөт, – деген ойду абдан жеткиликтүү, таамай айткан. Мындан автор кыргыз кызынын ыйыктыгын даңазалап, бирок ошол эле учурда ага тарыхый жоопкерчиликти жүктөгөнүн көрүүгө болот.
“…Сактап келген Сайкал Кыздын элесин…” – бул сапта акын Кыз-Сайкалдын образын эске салат. Сайкал – акылман, эр жүрөк, эпикалык масштабдагы аялдын образы. Анда сулуулук менен ар-намыс, максатынан кайра тартпаган эрк-кайраттын жуурулушкан бекемдигин билебиз. Автор кыргыз кызынын образын Кыз-Сайкал аркылуу эпостук деңгээлге көтөргөн. Демек, кыргыз кызы – тарыхый тукум улантуучу, эпикалык каарман.
“…Кыргыз үчүн – кыздын улуу кырк чачы,
кыргыз үчүн – кыргыз кызы жаралган…” “Кырк чач” – Кыргыз элинин этномаданиятындагы ыйык белги. Кырк саны – ыйык, мифологиялык, эпостук маанини алып жүрөт. Маселен: кырк чоро, кырк уруу, кырк күн… Кыздын кырк чачы – улуттук коддун метафорасы – деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени акын кыргыз кызынын сулуулугун гана сүрөттөбөстөн, анын салтты сактоочу, урпакты улантуучу ролун абдан чебер символдоштурган.
“…Кыргыз кызы – Чолпон болуп жаналган…” Чолпон – өзгөчө жарык жанган таңкы жылдыз, жарык, үмүт. Бул метафора кызды руханий жарык берүүчү катары көрсөтүп турат. Андан ары акын бул ыр саптарында түздөн-түз тарыхый инсанга өтөт: “… өлө турган уулун карап Курманжан…” мында сөз Курманжан датка тууралуу болуп жатат. Курманжан датка уулу Камчыбекти XIX кылымдын 1890-жылдарынын соңунда падышалык Россиянын аскердик сотунун өкүмү менен дарга асып жатканда, аны өлүмдөн арачылабай, кыргыз элинин тынчтыгын, улуттун бүтүндүгүн сактоо үчүн оор чечим кабыл алганын тарыхка таянып берген. Акын бул мисалды келтирүү менен кыргыз кызы мекени, эли-жери үчүн баласын курмандыкка чалууга да даяр экенин, улутка болгон эненин жоопкерчилигин даңазалаган. Ырдын философиялык өзөгү: “..кыргыз кызы – кыргыз үчүн энесиң!..” Бул жерде “энесиң” – деген сөз абстракттуу эмес. “…Кыргыз үчүн энесиң!..” – тукумдун, улуттун башаты катары так көрсөтүлөт. Улуттун сакчысы. Намыстын тиреги. Руханий мурастын улантуучусу деген маани камтылган. Акын кыргыз кызын объект катары эмес, субъект катары көрсөтүп – эне улутту сактайт, көтөрөт, жан берет, коргойт, жашоосун улантат… – деп даңазалаган.
Бул ырдагы негизги идея – улуттук эстутумду сактоо бүгүн да актуалдуу экенин эскертет. Кыргыз кызы үй-бүлөнүн гана эмес, тилдин, салттын, маданияттын алып жүрүүчүсү бойдон калууда. Руханий улантуучулук сакталууда. Манап Алиевдин ыры аялды улуттук символ деңгээлине көтөрүп чыгып, аны руханий борбор катары көрсөткөн. Кыргыз коомунда аялдын тарыхый миссиясын даңазалаган ыр. Заманбап көз караш менен караганда – бул образ бүгүн дагы да кеңейүүгө муктаж. Кыргыз кызы – эми руханий гана эмес, интеллектуалдык, жарандык да лидер болуусу шарт. Мурда улут үчүн жан берүү физикалык курмандык менен түшүндүрүлсө, бүгүн билим берүү, инновация, адилет коом куруу, улуттук маданиятты дүйнөгө таанытуу аркылуу кызмат кылуу – жаңы патриотизмдин жаңы формасы катары каралып келет. Манап Алиевдей ой жүгүртүү алкагына он сегиз миң аалам баткан билимдүү, таланттуу уул-кыздарды төрөп, өстүргөн энелер бар болуңуздар! Жаз майрамыңыздар кут болсун улуттун улантуучусу болгон – асыл айымдар! “КЫРГЫЗ КЫЗЫ – КЫРГЫЗ ҮЧҮН ЭНЕСИң!”
Бахпурбек Аленов