Кыргыз милициясына 102 кызматтык автоунаа тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегия өтүүдө.

Жыйында кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу багытындагы иштер талданып, мындан аркы милдеттер белгиленет.
Коллегиянын алдында милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 кызматтык автоунаа тапшырылды.
Жаңы унаалар кызматкерлердин чакырууларга ыкчам жетүүсүн камсыздап, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
Автоунааларды тапшыруу кыргыз милициясынын 102 жылдыгын утурлай уюштурулуп, тармак үчүн маанилүү окуя болду.
