Кыргыз өндүрүүчүлөрү TFT Expo 2026 көргөзмөсүнө катышты
Ташкентте 19–21-июль күндөрү кыргызстандык текстиль жана тигүү тармагынын өндүрүүчүлөрүнүн бизнес-миссиясы өтүүдө. Иш-чара «Экспорттук акселерация» программасынын алкагында уюштурулуп, ага өлкөнүн 35тен ашык ишканасынан 52 өкүл катышууда.
Делегация TFT Expo 2026 эл аралык B2B көргөзмөсүнө катышып, тармактагы жаңы тенденциялар менен таанышып, потенциалдуу өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Ишкерлер Өзбекстандын ири маркетплейси Uzum Marketтин өкүлдөрү менен жолугушуп, логистикалык борборунун иши менен таанышышты. Анда кыргыз продукциясын онлайн-соода аянтчасына жайгаштыруу жана сатуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бизнес-миссиянын алкагында төрт кыргызстандык ишкерге Өзбекстанда юридикалык жактарды каттоого көмөк көрсөтүлдү. Бул аларга өлкөдө ишмердүүлүгүн баштап, Uzum Market аркылуу продукциясын сатууга жол ачат.
Программанын алкагында делегация Өзбекстандын ири текстиль ишканалары – «Уз Текс» жана Indigo Garments фабрикаларына да барып, өндүрүш процесси жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат.