Кыргыз Республикасынын делегациясы CAEx эл аралык көргөзмө борбору менен таанышты
Өзбекстан Республикасында өтүп жаткан V Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы CAEx эл аралык көргөзмө борборуна иш сапар менен барды.
Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров болду.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация борбордун заманбап инфраструктурасы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана ири эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү өткөрүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ошондой эле бизнес жолугушууларды уюштуруу, инвестициялык долбоорлорду презентациялоо жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап CAEx көргөзмө борборунун жабдылышын жана кеңири мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, аны региондогу ири эл аралык иш-чаралар өтүүчү маанилүү аянтчалардын бири катары белгиледи.
Бул иш-чара кыргыз-өзбек инвестициялык кызматташтыгын бекемдөөгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасына жаңы инвестицияларды тартууга багытталган.