Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министр Канатбек Чыныбаев менен Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдор Федерациясынын Борбор Азия боюнча өлкөлүк кластердик делегациясынын жетекчиси Севал Гузелкилинч айымдын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар өзгөчө кырдаалдар тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана ыкчам чара көрүү боюнча кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты.
Ошондой эле ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү, тиешелүү түзүмдөр ортосундагы координацияны бекемдөө жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар калкты коргоо боюнча биргелешкен аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууга, тобокелдиктерге туруктуулукту чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.