Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек ТАШИБЕКОВ: “ВАКФ МЫЙЗАМЫ КЕРЕК”

— Талантбек Нурланович, кызматка дайындалганыңызга аз убакыт болду. Алгач, өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз, бул кызматка келгенге чейин кайсы жерлерде эмгектенгенсиз?

— 48 жаштамын, Бишкек шаарында төрөлгөм. Кыргызстан Эл аралык университетинин эл аралык мамилелер боюнча бакалавр жана эл аралык укук боюнча магистр даражаларын аяктагам. Андан кийин 5 жыл Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик мекемесинде юрист болуп эмгектенип, ошол эле убактарда Японияда JICA программасынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мыйзамдарын салыштырмалуу талдоо багытында адистигимди жогорулаткам. 2011–2016-жылдары өкмөттөр аралык комиссияларда жетекчилик жана эксперттик кызматтарды аткаргам. Ал эми 2020-жылы Иорданиядагы Дүйнөлүк Ислам илим жана билим университетинде шариат укугу боюнча жогорку билимге ээ болуп, учурда ислам теологиясы жана философиясы боюнча докторлугумду жактаганы турам (PhD). Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасымын. Кыргыз тилинен тышкары, орус, англис жана араб тилдеринде эркин сүйлөйм. Ал эми ушул жылдын 19-январынан тартып Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы кызмат ордуна дайындалдым.

— Сизди февраль айынын башында Президент Садыр Жапаров кабыл алды. Президент сизге кандай тапшырмаларды койду, дин жаатында кандай маселелерди чечүү зарылдыгын айтты?

— Президент Садыр Жапаров диний чөйрө жана этностор аралык мамилелер маселелери өзгөчө кылдат мамилени, жоопкерчиликти талап кыларын баса белгиледи. Эске салсак, өткөн жылы Президенттин тиешелүү Жарлыгы менен комиссия кайра түзүлүп, Улуттук агенттик болуп, ыйгарым укук, мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген. Аны менен катар этностор аралык мамилени камтып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө иштери улантылат. Ал эми быйыл дин мекемесинин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Бул датага карата диний толеранттуулукка байланыштуу илимий конференция пландалууда. Менин кызматка дайындалганыма 2 айдан ашты. Бул аралыкта диний чөйрөдөгү мыйзамдар менен таанышып, муфтий, уламалар кеңеши, дин ишмерлери менен консультация, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бүгүн өлкөдө жалпы диний кырдаал туруктуу. Туруктуулукка жетишүүдө мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жана ошондой эле диний чөйрөдөгү кызматкерлердин ырааттуу иштери, диний жамаат, диний институттардын эмгегин, салымын айта кетүү зарыл. Ал эми диний чөйрөдөгү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жаралууда. Мисалы, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мыйзамдарына 30 жылдан бери Вакф мыйзамы ишке кирген эмес экен. Ушул тапта аталган мыйзамдын долбоорун даярдап жатабыз. Бул мыйзам бир катар ислам динин кабыл алган өлкөлөрдө натыйжалуу иштеп келет.

— Мындан бир нече жыл мурда дагы Вакф мыйзамы боюнча парламентте талкуу болуп, колдоо тапкан эмес, аталган мыйзам эмне үчүн керек?

— Вакф (араб тилинен «токтотуу», «кармап калуу») дегенди билдирет. Тагыраагы, ислам динин кабыл алган бир нече өлкөлөрдө вакф мүлкү, вакф мыйзамы иштейт. Мисалы, акыркы 30 жылдан бери биздин өлкөдө бир нече кайрымдуулук фонддор, меценат, ишкерлер тарабынан мечит, оорукана, шаарча жана башка объекттер салынып, муктаждыгы бар жарандарга шарт түзүлүп келет. Мына ушулардын ишин тескеген, мамлекет коргоого ала турган Вакф мыйзамы жетишсиз. Кайрымдуулук кылган тараптар салган объектилер сатылбайбы, менчикке чыгып кетпейби деп чочулашат. Вакф мыйзамы сатканга же жеке, мамлекеттик тараптарга өтүүгө тыюу салат. Бардык ишти Вакф фонду иштетет. Вакф институту мусулман өлкөлөрүндө коомдун аярлуу катмарын каржылоонун булагы катары кылымдар бою кызмат кылып келет. Вакф мүлкү сатылбайт, белекке берилбейт жана мураска калбайт, ал эми андан түшкөн киреше коомдун муктаж катмарына жумшалат. Андыктан, биздин өлкөдө аталган мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы бар. Буга чейин парламентте аталган мыйзам талкууланып, бирок кабыл алынбай келген. Мыйзамдын долбоору даярдалууда, жакында парламентте талкууланат. Мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алып берсе абдан жакшы болмок.

Өлкөдө акыркы 30 жыл ичинде диний адистерди даярдоо кандай жолго коюлган?

— Кыргызстанда диний билим берүүнү өнүктүрүү зарыл. Бүгүн дин адистери өлкө ичинде, өлкөдөн тыш жактарда диний билимдерин жогорулатып келишет. Өлкө боюнча 30 жыл ичинде Кыргызстан Ислам университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттери квалификациялуу адистерди даярдап келишет. Бул багытта чоң тажрыйба да топтошту десем болот. Ал эми Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 1 жыл мурда Токмокто Ислам академиясы ачылган. Өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатына шайкеш иш жүргүзүп, салттуу ислам дининин баалуулуктарын илимий негизде изилдөөнүн жана жайылтуунун үстүндө иш алып барары анык. Билимдүү коом – эртең өлкөнүн күчү жана келечеги.

— Ал эми жакындан тарта имамдарга айлык төлөнө баштады. Бул айлык эми туруктуу түрдө төлөнөбү?

— Бүгүн өлкө боюнча 4000 имам айлык алып башташты. Буга чейин имамдардын туруктуу айлыгы болгон эмес. Мурдараак, «Ыйман фонду» деп ачылып, ал фонддон бир жолудан берилүүчү каржылоо болгон. Кийинчерээк ал фонддо каржылоо токтоп калган. Азыркы аракеттер менен имамдардын айлыгы 8000 сом деп чегерилген. Ал эми февраль айынан баштап 15 000 сом болду. Имамдын жогорку диний билими болушу абзел. Ал коомду, элдин ынтымагын бекемдеп, диний агартуучулук милдетти аткарат.

— Мамлекет жакынкы чыгыштагы окуялардан улам чоң ажылык, умра сапарларында жүргөн жарандарыбызды өлкөгө кайтаруу ишин колго алууда. Ушул тапта Сауд Арабияда канча жараныбыз бар?

— Бул окуялар орун алган биринчи күнү эле ыкчам түрдө атайын онлайн штаб түзүлгөн. Бардык маалыматтар такталган. Сауд Арабияда билим алган студенттер, ажылыкта, умра сапарларындагыларды эсептегенде жалпы 6231 жараныбыз бар экени такталды. Атайын штаб бүгүн да ишин улантууда. Тиешелүү мекемелер, элчилик менен тыгыз иш алып барылууда.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X