Кыргыз сомуна 33 жыл: улуттук валютанын тарыхый миссиясы
10-май — кыргыз сомунун жүгүртүүгө кирген күнү. 1993-жылдын 10-майында улуттук валюта — кыргыз сому өлкө аймагында расмий төлөм каражаты катары колдонууга киргизилген. Алгач рубль менен катар колдонулуп, 1993-жылдын 14-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жалгыз расмий төлөм каражаты болуп калган.
Кыргыз сому өлкө эгемендигинин маанилүү белгилеринин бири катары акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүгө жол ачты. Татаал социалдык-экономикалык шартта кабыл алынган бул чечим Кыргызстанга өзүнүн каржы системасын түзүүгө, төлөм жүгүртүүнү жөнгө салууга жана рыноктук реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген.
Бүгүнкү күндө кыргыз сому туруктуулугу, коргоо өзгөчөлүктөрү жана дизайны менен айырмаланып, совет мезгилинен кийинки мейкиндиктеги ишенимдүү валюталардын бири катары бааланууда. Улуттук валюта өлкөнүн экономикасында туруктуу төлөм каражаты болуп, финансы-кредит системасынын өнүгүшүнө кызмат кылып келет.
Толук материал “Эркин-Тоо” гезитинин №34 (3794), 2026-жылдын 12-майындагы санында жарыяланган.