Кыргыз спортчусу дүйнө кубогунда күмүш медалдын ээси болду

10-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21

Кыргызстандык спортчу Амантур Жумаев Черногорияда өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда 2-орунду ээлеп, күмүш медалдын ээси атанды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттиги билдирди.

Буга чейин Амантур Жумаев өлкөбүздүн тарыхында бокс боюнча өспүрүмдөр арасында туңгуч Дүйнө чемпиону болгон.

10-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X