Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында 7-12-мартта акысыз маммография кызматы көрсөтүлөт
15-октябрдан баштап Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады. Ооруканада учурда кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, жалпы хирургия, көкүрөк оорулары жана тез жардам боюнча кызматтар көрсөтүлүүдө.
21 реанимация жана 50 орунга ылайыкталган ооруканада, коронардык реанимацияда 5, жүрөк-кан тамыр хирургиясынын интенсивдүү терапиясында 6, жалпы реанимацияда 7 жана орто реанимацияда 3 орун даярдалган.
Ошондой эле2 операциялык бөлмө, 1 ангиоаппараты, 1 МР, 1 Компьютердик томография, 1 рентген, 1 маммография аппараты жана толугу менен жабдылган лаборатория бар.
Оорукана өз ишин баштаган күндөн тартып азыркы күнгө чейин кабыл алган бейтаптар боюнча маалыматы төмөндөгүдөй:
| Поликлинкада дарыланган бейтаптардын саны | 1794 |
| Жүрөк-кан тамыр хирургиясында жасалган операциялар | 20 |
| Жалпы хирургиялык операциялар | 3 |
| Ангио жасаткандардын саны | 143 |
| Томография | 216 |
| МРТ | 105 |
| Тез жардамга кайрылгандар | 156 |
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Достук» ооруканасында 7-марттан 12-мартка чейин акысыз маммография кызматы көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, чектелүү сандагы гана аялдарга бул кызмат көрсөтүлгөндүктөн, оорукананын телефон номурларына эртелеп жазылуу керектелет.
Оорукананын телефон номерлери: 0997 650 000; 0312 650 000