Кыргыз тарыхынын жаңы барактары. Моңголиядагы кыргыз издери тууралуу тасма жана китеп жарык көрдү

19-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

2026-жылдын 24-июнунда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жыйындар залында Моңголиядагы кыргыздардын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөгө арналган экспедициянын жыйынтыктары коомчулукка тааныштырылат.

Иш-чаранын алкагында экспедициянын негизинде даярдалган “Улуу тарыхтын изи менен” аттуу даректүү тасманын жана “Моңголиядагы кыргыз издери” аттуу илимий басылманын расмий бет ачар аземи өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, илимий-маданий форматтагы иш-чарада Моңголия Республикасынын Баян-Өлгий жана Увс аймактарында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жүрүшүндө топтолгон тарыхый-этнографиялык, фольклордук жана визуалдык материалдар кеңири коомчулукка сунушталат.

Даректүү тасма менен илимий басылмада Моңголиядагы кыргыздарга байланышкан тарыхый издер, этнонимдик жана топонимдик маалыматтар, фольклордук мурастар, маданий байланыштар, ошондой эле жергиликтүү калк арасында сакталып калган кыргыз теги тууралуу маалыматтар илимий негизде чагылдырылган.

Долбоордун негизги максаты – кыргыз элинин тарыхый эс тутумун байытуу, чет өлкөлөрдө сакталып калган кыргыз тарыхына байланышкан мурастарды изилдөө жана жайылтуу, ошондой эле улуттук тарыхый-маданий баалуулуктарды эл аралык деңгээлде таанытуу.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, тарыхчылар, маданият өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери жана кызыккан жарандар катышары күтүлүүдө.

19-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X