Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселеси талкууланды

12-17-март күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу коңшу өлкөнүн Бустон шаарында өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Өкмөттүк делегацияларынын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашып,  Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки мамлекеттин чек ара сызыгынын калган аймактарында мындан ары дагы тактоо иштерин улантуу боюнча  тапшырмаларды беришти.

Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X