Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 29-апрелде саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атылган. Андан кийин ушул айыл аркылуу өтүүчү Ош—Исфана жолунун боюнда жайгашкан Исфара районунун Майский айылы (Тажикстан) тараптан жолдон өткөн унааларга таштар ыргытылып баштаган.
Тажик тарап аткан ок Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө тийип, жергиликтүү ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39/130-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Буга чейин таңкы намаздан кийин тажик тараптан октор атылып, коопсуздук үчүн аялдар мечитке жеткирилгени айтылган.