Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаковдун журналисттерге берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга компенсация республикалык бюджеттен төлөнөт.
Анын айтымында, өлкөнүн бюджет кодексинин 23-беренесине ылайык, жыл сайын мамлекеттик бюджет резерви каралат. Бүгүнкү күндө бул каражат жетиштүү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, компенсация төлөп берүүгө 48,7 миллион сомго чукул акча керектелет. Бул сан өзгөрүп, такталышы ыктымал.