Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалууда
Чек ара кызматы, 29-апрелде таңга карай Баткен районунун Көчө-Бою аттуу жериндеги абалдын курчуп кеткени тууралуу маалымат берди.
«Айылда тажикстандык тарап Кыргызстанга таандык тургундардын үйлөрүнө таш ыргытып, кырдаал курчуп кетти. Андан соң тажикстандыктар жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын машинелерин мергенчи куралы менен аткылап башташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жарадар болгондор бар. Тажик тараптын ок атуусу токтобой жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалууда. Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчилиги менен телефондон байланышуу мүмкүн болбой жатат», — деген билдирүүнү Чек ара кызматы таратты.
Маалым болгондой, «Головной» тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болду.
УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатканы тууралуу билдирүү таркатты.