Кыргыз улуттук филармониясы Сеул фонду менен меморандумга кол койду
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен Сеул искусство жана маданият фонду (SFAC) маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.
Документке Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору Кыргызбай Осмонов жана SFACтын башкы директору Сон Хён Чжон кол коюшту.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева, SFACтын тышкы байланыштар боюнча кеңешчиси Айсулу, бөлүм башчысы Ким Сон Хён жана команда жетекчиси Ан Ми Ён катышты.
Меморандум Кыргызстан менен Корея Республикасынын маданий байланыштарын чыңдап, чыгармачыл тармакта тажрыйба алмашууну жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.
Кызматташтыктын алкагында маданий, театрдык, музыкалык жана билим берүү долбоорлору уюштурулуп, чыгармачыл адистердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүлөт. Ошондой эле мастер-класс, форум, семинар жана башка маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү пландалууда.
Тараптар чыгармачыл жамааттар менен искусство өкүлдөрүнүн байланышын кеңейтүүгө, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана чыгармачылык демилгелерди колдоого өзгөчө көңүл бурат