Кыргыз Улуттук тарых музейинде жаңы почта маркаларынын салтанаттуу мөөр басуу аземи болду

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Маданият 142

Кечээ Кыргыз Улуттук тарых музейинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары – Касым Тыныстановдун, Жусуп Абдрахмановдун жана Бүбүсара Бейшеналиеванын юбилейлерине арналган жаңы почта маркалары биринчи күндүн атайын штемпели менен расмий түрдө жүгүртүүгө киргизилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директорунун орун басары Дениз Сулайманов, көрүнүктүү инсандардын урпактары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, коомчулук, филателисттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.Возможно, это изображение текст

Салтанаттын алкагында эки тематикалык филателиялык серия сунушталды. Алардын бири VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган болуп, анда көчмөн цивилизациясынын бай маданий мурасы, кыргыз элинин улуттук салттары жана руханий баалуулуктары чагылдырылган. Экинчи серия болсо Касым Тыныстановдун 125 жылдыгына, Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналды.Возможно, это изображение текст

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө жаңы почта маркалары биринчи күндүн атайын штемпели менен мөөр басылып, ардактуу коноктор жана улуу инсандардын урпактары эстелик конверттерге кол тамгаларын коюшту.

Бул чыгарылыш өлкөнүн тарыхый эс тутумун сактоого, улуттук маданий мурасты жайылтууга жана Кыргызстандагы филателияны өнүктүрүүгө багытталгандыгы белгиленди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X