Кыргыз жарандары Таиландга 30 күнгө чейин визасыз бара алышат
2026-жылдын 15-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары жарактуу жалпы жарандык паспорт менен Таиланд Королдугуна визасыз кирип, өлкөнүн аймагында 30 күнгө чейин жүрө алышат.
Жаңы тартип Таиланд Королдугунун визалык талаптардан бошотуу боюнча кайра каралган эрежелерине ылайык киргизилди.
Жаңы эрежелерге ылайык, Кыргызстандын жарандары туристтик жана башка кыска мөөнөттүү сапарлар үчүн Таиландга алдын ала виза албай бара алышат.
Визасыз режимдин киргизилиши Кыргызстан менен Таиланддын ортосундагы туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын көбөйтүүгө жана туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.