Кыргыз жарандарына Беларуска 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө шарт түзүлөт

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 103

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде кыргыз-беларусь жарандарынын өз ара жүрүүсүнө байланыштуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Кеп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн, эки өлкөнүн жарандарынын аймагында болуу тартибин жөнгө салган макулдашууну ратификациялоо жөнүндө болуп жатат.

Мыйзам долбоорун Президенттин Иш башкаруучусунун орун басары Талантбек Джунушев тааныштырды.

Анын айтымында, макулдашуу күчүнө кирсе, Кыргызстандын жарандары Беларуска, ал эми Беларустун жарандары Кыргызстанга убактылуу барганда 30 календардык күндүн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотулат.

«Бул эки мамлекеттин жарандарынын өз ара сапарлары үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, экономикалык жана туристтик байланыштардын кеңейишине өбөлгө болот», — деди Джунушев.Возможно, это изображение один или несколько человек и помост

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жылдыз Садырбаева Кыргызстан менен Беларустун кызматташтыгын, өзгөчө саламаттык сактоо тармагындагы байланыштарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал Беларусда трансплантология жакшы өнүккөнүн айтып, кыргызстандыктар үчүн тиешелүү медициналык операцияларга квота алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ал эми депутат Чолпон Эсенаманова Беларусда эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттардын каттоосу, жүрүү тартиби жана эсепке алуу шарттары боюнча суроо берди.Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Талкуунун соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X