«Кыргызалтын» менен КМТУ тоо-кен тармагы үчүн адистерди даярдайт

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112

Бүгүн, 28-июлда, «Кыргызалтын» ААК менен И. Раззаков атындагы КМТУ дуалдык билим берүү аркылуу адистерди даярдоо боюнча келишимге кол коюшту.

Кызматташуунун негизги максаты — өлкөнүн тоо-кен тармагын квалификациялуу ата мекендик кадрлар менен камсыз кылуу. Алдыдагы жылдары компания бир катар ири кен долбоорлорун ишке киргизүүнү пландап жаткандыктан, жакынкы эки жылда 100дөн ашык адиске муктаждык жаралат.

Келишимдин алкагында 2026-жылдын сентябрынан тартып КМТУнун студенттери окуу менен катар «Кыргызалтындын» өндүрүш объектилеринде практикадан өтүп, тажрыйба топтой алышат.Возможно, это изображение текст "E クサー КЫРГЫЗ РЕсПуБЛИКАсЫНЫН илим, ЖоГоркУ БИЛИМ БΕΡУΥ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГи МИНИСТЕРСТВО УΙ Кь ΙΝ' OF OFS ЫСШЕГО ОБРАЗоВАния и ИННОВАЦИЙ зСкОЙ гсПУБЛИК" HEF YR CATION EPUBLIO INNOV N"

«Дуалдык билим берүү студенттерге практикалык көндүмдөрдү алууга жана тармакты кесипкөй кадрлар менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет», — деди «Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов.

Тараптар ошондой эле өндүрүштүк практиканы өнүктүрүү, билим берүү мекемелери менен ишканалардын кызматташуусун күчөтүү жана адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X