Кыргыздын «Жамилиясы» Астанада байгеге илинди: 800 миң теңге утту

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 97

Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын «Жамилия» спектакли Астанада өткөн эл аралык «ТеатрALL» фестивалында экинчи сыйлыкка ээ болду.

Спектакль Уланмырза Карыпбаевдин режиссёрлугу менен коюлуп, «Мыкты ансамбль» номинациясында жеңүүчү деп табылды. Театрга 800 миң теңге өлчөмүндө акчалай сыйлык да тапшырылды.

Быйылкы фестиваль Казакстандын эл артисти, көрүүчүлөргө «Кыз Жибек» тасмасындагы ролу менен белгилүү Меруерт Өтекешованын чыгармачылыгына арналды.

Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан жалпысынан 16 спектакль катышты. Алардын арасында Борбор Азия жана Орусиянын белгилүү режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Ал эми фестивалдын башкы сыйлыгы — «Мыкты спектакль» номинациясы жана 1 миллион теңге акчалай сыйлык «Улпан» спектаклине берилди. «Мыкты режиссёр» номинациясында Дина Жумабаева жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, Уланмырза Карыпбаев 2022-жылы да аталган фестивалда «Мыкты режиссёр» номинациясына ээ болуп, Азербайжан Мамбетoв атындагы сыйлыкты алган.

«Жамилиянын» бул жолку ийгилиги кыргыз театр искусствосунун эл аралык фестивалдардагы жетишкендиктеринин катарын толуктады.

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X