«Кыргызфильм» балдар үчүн анимациялык долбоорлорго конкурс жарыялады

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 107

Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы 2027-жылдын Тематикалык планына киргизүү үчүн 0–12 жаштагы балдарга арналган анимациялык фильмдердин долбоорлоруна конкурс жарыялады.

Негизги максат — мамлекеттик тилдеги сапаттуу балдар контентин көбөйтүү, кыргыз тилин өнүктүрүү жана улуттук маданият менен баалуулуктарды заманбап анимация аркылуу жаш көрүүчүлөргө жеткирүү.

Конкурска 2D, 3D форматындагы, ошондой эле жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү колдонулган анимациялык долбоорлор кабыл алынат.

Долбоорлор төмөнкү жаш категорияларынын бирине багытталууга тийиш:

  • 0–3 жаш;

  • 4–6 жаш;

  • 7–9 жаш;

  • 10–12 жаш.

Катышуучулар долбоор менен бирге анын аталышын, логлайнын, синопсисин жана сценарийин тапшырышы керек. Мындан тышкары, визуалдык концепт, негизги каармандардын сүрөттөлүшү, жанры, максаттуу аудиториясы, форматы жана болжолдуу хронометражы көрсөтүлөт.

Эгер долбоор сериалдык форматта болсо, сериялардын саны жана ар биринин кыскача мазмуну да берилүүгө тийиш. Ошондой эле пилоттук үзүндү жана автор же чыгармачыл топ тууралуу маалымат талап кылынат.

Уюштуруучулар балдардын психологиялык коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурат. Долбоорлордо зомбулук, коркутуу, агрессия, кемсинтүү, кооптуу аракеттерди кайталоого үндөгөн көрүнүштөр жана коммерциялык жарнама болбошу керек.

Долбоорлор 2026-жылдын 2-октябрынан 15-декабрына чейин кабыл алынат.

Материалдарды kyrgyzfilmredakcia@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө жана кагаз түрүндө 2 нускада Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын редакциясына тапшырууга болот.

Дареги: Бишкек шаары, Жумабек көчөсү, 290
Байланыш телефону: +996 705 496 749

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X