Кыргызга кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн инсан

Жакында колума “Маданият — элдин руханий азыгы” аталышындагы өзөгүн салттуу маданият түзгөн китеп колума тийди. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, айтылуу мамлекетчил инсан Карганбек Самаковдун авторлугу астында жарыкка чыккан ал басылмада элибиздин көөнөргүс маданий мурастары жалпак тилде окурмандарга кеңири түшүндүрмө менен баяндалган.

Бул китепте “Манас” эпосунан тарта түптүү элибиздин боз үйү, айтышы, тогуз коргоолу баштаган бай каада-салттары, улуттук баш кийим, көк бөрү сындуу салттуу оюндарыбыздын орду чечмеленип, ырааттуу түшүнүктө берилген. Автор көк бөрү оюну учурда бардык жерде кеңири жайылганын, жүз миңдеген күйөрмандарга ээ болгон улуттук оюндун бул түрү 2014-жылдан бери бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы мелдештин программасына алгачкылардан болуп киргизилгендигин өзгөчө белгилеген.

Кыргыз элибиздин бай маданий мурастарынын негизги элементтерин өлкөбүздүн атынан ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүүдө опол тоодой жүк көтөрүп келген Карганбек Самаковдун бул эмгеги элибиз үчүн эң керек убакта чыкканын адилеттүүлүк үчүн айтып коюш абзел. Мындай эмгек кыргыз элинин тарыхый эс-тутумун, маданий мурасын сактоо жана жайылтуу, муундарды бекем байланыштырган, жаштарга, жалпы эле келечек ээлерине ата-бабаларыбыздын бай мурасына таандык экендигин туюуга көмөк берген, кыргыздын салттуу маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзгөн руханий өзөк болуп саналат.

Аталган жыйнакта автордун: “Маданий мурасынан ажыраган эл акыры келечекте жок болууга дуушар болору анык. Маданият жок болсо, сиз ким экениңизди кантип аныктайсыз? Дүйнөдө өз ордуңузду кантип таба аласыз? Маданиятсыз сиз кимсиз?-деген суроо туулат. Аныгында маданиятсыз адам чексиз агымда адашып, маданиятты өлтүрүүчү метафоралык таштанды сазына чөгүп жок болот”-деген таамай саптарды тизмектеген. Албетте, мындай ой тизгини философиялык маанини туюнтуудан тышкары келечекке карай олуттуу коңгуроо кагуунун үлгүсүн көрсөткөн.

Түпкүлүгүндө тарыхый мааниге ээ бул китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө, заманбап дүйнөдө өлкөбүздүн маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү маселелерине кызыккан тараптардын бардыгына арналган.

Калыгул Бейшекеев

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X