Кыргызгидромет эскертет. Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө
Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз аба ырайы кескин өзгөрөт.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде жана күндүз аталган аймактарда күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн.
Адистер жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын жанында этият болуу, зарыл болбосо ачык асман алдында узак убакыт жүрбөө сунушталат.