Кыргызгидромет эскертет: Өлкөдө ысык аба ырайы сакталат

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 152

Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +38…+43 градуска, Таласта +35…+40 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө аба ырайы салыштырмалуу салкын болуп, температура +26…+31 градус, Нарын аймагында +30…+35 градус болот.

Бишкекте күндүз аба +40…+42 градуска, Ош шаарында +41…+43 градуска, ал эми Чолпон-Атада +26…+28 градуска чейин ысыйт.

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 152
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X