Кыргызгидромет сел коркунучу тууралуу эскертти
Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында 21-июлдан 25-июлга чейин сел жана суу ташкыны болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, коркунуч нөшөрлүү жаан-чачындарга байланыштуу.
Адистер жарандарды жана өлкө конокторун тоолуу аймактарда, дарыя жээктеринде, сел жүрүүчү тилкелерде жана суу каптоо коркунучу бар жерлерде этият болууга чакырышты.